Боронов: Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 303,1 млн. сом бөлүндү
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүндү. Учурда оюнду өткөрүүгө жумшалган каражаттын суммасы эсептелип жатат.
Маалыматка караганда, Көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш-чараларга 128 млн. сом бөлүнгөн. Анын 28 миллиону байге фондуна бөлүнсө, 100 млн. сом уюштуруу, спортчуларды жайгаштыруу, иш-чараларды өткөрүү жайларын даярдоо, спорттук инвентарларды алууга жумшалган. Маданий иш-чараларга жети миллион сом жумшалган.
Август айынын башында Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдоого тендер өткөн. Анда контейнерлердин жалпы суммасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзөрү айтылган.
2016-жылы өткөн оюндарга 258 миллион сом бөлүнгөн. (КЕ)