Чеченстандын чегин аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү
Чечен президенти Рамзан Кадыров Чеченстандын административдик чегин аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Комиссия чек араны аныктоо, тактоо боюнча материалдарды чогултат, даярдайт жана ага анализ жасайт. Мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү бийликке керек болгон жардамды берүү милдеттендирилди. Комиссияны парламент төрагасы Магомед Даудов жетектеп, курамына премьер-министр Муслим Хучиев, муфтий Салах-Хажи Межиев жана министрлер кирди.
Административдик, өзгөчө Чеченстан менен Ингушетиянын ортосундагы чекти аныктоо маселеси Жохар Дудаев бийликке келген 1990-жылдан бери маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Чеченстан менен Ингушетиянын башчылары Жохар Дудаев жана Руслан Аушев 1993-жылы келишимге кол коюп, анын негизинде Серноводск жана Ассиновск калктуу пунктун кошпогондо Сунженск району Ингушетияга өткөн.