Москвада адамдарды машинеде тебелеткен адам эки айга камалды
![Москвада адамдарды машинеде тебелеткен адам эки айга камалды](https://gdb.rferl.org/79EBA674-74E0-4B83-8284-A0EB0B4287DE_cx4_cy41_cw59_w800_h450.jpg)
Москвада адамдарды автоунаа менен тебелетип кетти деп айыпталган теги кыргызстандык Бекжан Сарбишев эки айга камалды. Чечимди Кузьминский райондук соту 10-сентябрда чыгарды.
9-сентябрда Москванын Новочеркасский бульварында унаанын алдында калгандардын төртөөнүн абалы оор, алтоо салыштырмалуу дурус экени айтылган.
Жекшембинин таңында "Марьино" метросундагы "Аура" кафесинде көңүл ачып отурган кыргызстандыктардын ортосунда чыр чыгып, теги кыргызстандык, Орусиянын жараны 21 жаштагы Бекжан Сарбишев сыртка чыккандан кийин өзүн ур-токмокко алган деген жигиттердин тобун машинеси менен тебелетип кеткен.
Орусиядагы кыргыз элчилиги унаа алдында 11 адам калганын, алардын ону Кыргызстандын жарандары экендигин кабарлаган. Окуяда 21 жаштагы А.Абдисамат уулу набыт болгон. Сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Сарбишев 8-сентябрдын кечинде "Аура" кафесинде карындашынын туулган күнүн белгилеген кечеде болгон. Жакындары аны карындашына болушуп, бейтааныш балдардын ур-тепкисинде калганын айтып, намыстангандыктан ушул кадамга барганын белгилешүүдө.