Парламент комитети Гуревичтин билдирүүсүнө байланышкан маселени караган жок
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревичтин айткандары тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын уккан жок.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун ордуна жыйынга анын басары Нурлан Дүйшөмбиев келди. Комитет төрайымы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко башкы прокурор өзү жок болгондуктан бул маселени кийинкиге жылдырууну сунуштап, ал кийинчерээк карала турган болду. Жыйынга башкы прокурор менен тышкы иштер министри чакырылат.
Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.
Ошондой эле Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган.
Ушундан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзө баштаганын кабарлаган.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети Гуревичтин айткандары боюнча Башкы прокуратурадан маалымат алууну 11-сентябрдагы жыйындын күн тартибине киргизип, ага Өткүрбек Жамшитов чакырылган эле. (NT)