Жээнбеков: Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди.
Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбековдун үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга, чыгармачыл жамааттарга, өнөрпөздорго, демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана коомдук тартипти камсыз кылгандарга ыраазылык айткан кайрылуусунда жазылган.
Президенттик аппарат тараткан Жээнбековдун билдирүүсүндө эл аралык эксперттер үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2018-жылдын эң маанилүү окуяларынын бири катары баалаганы белгиленген.
Ошондой эле Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дүйнө жүзүнө таркашына кызыкдар экени айтылган. Оюндардын ачылышына Казакстан, Түркия президенттери, Венгриянын премьер-министри жана башка өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрүнүн катышканы Кыргызстандын зоболосун көтөргөнү кошумчаланган.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өттү. Расмий маалыматка караганда, аны көрүү үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер келишти. Оюндарга 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар катышты. (NT)