Бишкек: кафеде милиция кызматкери табелдик куралдан ок атты
Бишкектеги кафеде милиция кызматкери табелдик тапанчасы менен ок атты. Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мира Абдылдаева окуя 12-сентябрдын түнүндө Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде болгонун "Азаттыкка" ырастады.
Маалыматка караганда, "Макаров" үлгүсүндөгү табелдик куралынан аты-жөнү айтылбаган кишини көздөй ок аткан милиционер Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери. Жабырлануучу жапа чеккен эмес, ал азыр үйүндө экени кабарланды.
Милиция окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын, факты боюнча маалыматтар Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Мындан тышкары кызматтык иликтөө да жүрүп жатканы айтылды.
Ички иштер органынын өкүлү эмне себептен жана кандай абалда ок атканы азырынча белгисиз.