ЕККУнун жыйынында Тажикстандагы адам укуктары жабык талкууланды
Варшава шаарында өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жылдык жыйынында Тажикстандагы адам укуктарынын абалы "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун өкүлдөрү менен жабык талкууланды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы шаршембиде кабарлады.
Варшавага Тажикстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Низомиддин Зохиди жетектеген делегация барган.
Эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү жолугушуунун "маанайына канааттанганын" белгилеп, укук коргоочулар "Тажикстандын бийлиги менен мындан ары тыгыз кыматташууга үмүттөнүп турушканын" айтты.
Буга чейин ЕККУдагы жыйын маалында тажик делегациясынын мүчөлөрү менен оппозициянын тарапкерлери мушташа кеткен.
Польшанын баш калаасында 10-сентябрда башталган адам укуктары жана демократия боюнча жыйын 21-сентябрга чейин уланат. Ага уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.