Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Быйыл Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түзүлгөнүнө 20 жыл толду.
2017-жылы өкмөткө караштуу "Кыргызтест" мекемеси түзүлгөн. Анын жобосуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана бул кызматтарды ээлеген адамдар кыргыз тилин талаптагыдай деңгээлде билиши керек. Быйыл тестирлөөдөн мектептин директорлору да өтүшкөн.
Анткен менен коомдо мамлекеттик тилге байланыштуу кемчиликтер да бар. Ушул жылы көптөгөн көчөлөрдүн аталыштары одоно ката менен жазылганы коомчулукта катуу талкууланып, Бишкек шаардык мэриянын иши сынга алынган.
Бул талкуу коомчулукта жер-суу аталыштарын бир эле учурда эки башка алфавитте берүү зарылдыгын жана кыргыз тилинде ансыз да кирилл жазмасы менен удаа колдонулуп келаткан латын алфавитин кайрадан реформалоо көйгөйүн да козголгон.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилинен берген тесттин жыйынтыгы да коомчулукта нааразылык жаратып, атүгүл митингдер менен да коштолгон. Суракматов "эл" деген сөздү "эль" деп, "шаар" деген сөздү "шар" деп жазганы Интернетте кызуу талкууга түшкөн. (KR)