Пакистандагы атышуудан 16 жоокер мерт болду
Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан тоолорундагы ок атышуудан жети пакистандык жоокер жана тогуз аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Пакистандын куралдуу күчтөрү кабарлады.
Кечээ маалым болгондой пакистандык жоокерлер Гарламай жана Спера Кунар Алгад аймактарында жашынып жүргөн согушкерлерге карата рейд жүргүзүп жатып, күчөгөн ок атышуудан улам каза тапкан. Учурда аталган аймактар толугу менен армиянын көзөмөлүнө өткөн.
Такталбаган маалыматка ылайык согушкерлер Пакистанга Ооганстандан чек араны мыйзамсыз кесип киришкен. Түндүк Вазиристан пакистандык талибдер жана башка жикчилдер үчүн узактан бери баш калкалап келген аймак болуп саналат. Исламчыл согушкерлер бул аймакта 2014-жылга чейин Пакистандын армиясы келип, аларды сүрүп чыкканча жашынып келген. Андан соң согушкерлердин көбү Ооганстанга качышкан.
Вашингтон Пакистанга берилет деген миллиондогон АКШ долларын кайтарып алып, Пакистандын терорчуларга каршы күрөшү жигердүү жүрбөй жатканы үчүн айыптаган. Пакистан мындай айыптоолорду четке кагып келет.