Өкмөт келерки үч жылдын бюджетинин долбоорун сунуштады
![Өкмөт келерки үч жылдын бюджетинин долбоорун сунуштады](https://gdb.rferl.org/278FC939-AF6E-41B1-A3BD-2E4A2EA90DD7_w800_h450.jpg)
Кыргыз өкмөт 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолун жарыялады. Өкмөттүн сайтында жазылгандай, келерки жылдын бюджет 2018-жылга салыштырмалуу 28 миллиардга көп деп пландалууда.
Финансы министри Адылбек Касымалиевге таянып келтирилген маалыматта, республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд. 308 млн. сомду, 2020-жылы – 175 млрд. 881 млн. сомду жана 2021-жылы 182 млрд. сомду түзөт деп болжолдонууда.
Кабарда белгиленгендей, 2019-жылы ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү – 4,0% (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд. 707,4 млн. сом), 2020-жылы ИДП өсүшү – 4,4% деңгээлди (же 667 млрд. 78,8 млн. сом), 2021-жылы 4,2% (736 млрд. 239 млн. сом) түзөт деп мерчемделген.
Келерки үч жылга карата бюджеттин планы 26-сентябрда өкмөттүн атайын кеңешмесинде каралган.
Маалым болгондой, Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген, ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түзмөк. (ErN)