ИИМ Баткенден Бишкекке жөө жөнөгөн атанын даттануусу боюнча түшүндүрмө берди (видео)
Ички иштер министрлиги уулунун жол кырсыгына күнөөлөнүп камакка алынганына нааразы болуп Баткенден Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыккан Сайитраим Абдилатовдун айыптоосу боюнча билдирүү таратты.
Министрликтин сайтында жазылгандай, кеп болуп жаткан жол кырсыгы ушул жылдын 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван башкармалыгында болгон. Белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Араван районунун 41 жаштагы тургуну кырсык орун алган жерде каза тапкан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кырсыкка себепкер “Тойота Камри” автоунаасы видеобайкоого түшүп калганы аныкталган. Транспорттун ээси Баткен районунун жашоочусу Кимсанбай Сайитраим уулу болуп чыккан.
Кароо учурунда анын машинесинин алдыңкы бамперинен канга окшош так алынып, соттук экспертизадан ал кан каза болгон жаранга тиешелүү экени такталган. Мындан сырткары аталган автоунаа кырсыкка кириптер болгонун күбөлөр да ырастаган. Ошол себептүү Кимсанбай Сайитраим уулу шектүү катары 13-сентябрда кармалып, камакка алынган.
22-сентябрда шектүүнүн атасы Сайитраим Абдилатов уулу жок жерден жол кырсыгына күнөөлөнүп эки айга камакка алынганына нааразы болуп Баткен Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыккан. Акыркы жолу аны журналисттер Кадамжайдан жолуктуруп маек алышкан.
Милициянын маалыматына караганда Абдилатовду Бишкекке келаткан жерден кайра туугандары алып кетишкен. Муну анын өзүнөн тактоо мүмкүн болгон жок. (ErN)