Трамп Кытайды Конгресстин шайлоосуна кийлигишкени жатат деп айыптады
![Трамп Кытайды Конгресстин шайлоосуна кийлигишкени жатат деп айыптады](https://gdb.rferl.org/FF2DDF84-9FD4-43B3-BAFE-6BCE23778E0E_w800_h450.jpg)
АКШ президенти Дональд Трамп Кытай тууралуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин отурумундаал өзү алгачкы ирет төрагалык кылган жыйында билдирди.
Кошмо Штаттар Коопсуздук кеңешинин ушул айдагы төрагасы.
“Кытай менин администацияма каршы ноябрда болуучу шайлоого кийлигишүүгө аркеттенүүдө”, - деген Трамп мунун жүйөсүн Бээжин менен соода тирешине байланыштырды.
Кытай Трамптын айыптоосун дароо эле четке какты. “Биз эч бир өлкөнүн ички ишине кийлигишпейбиз, кийлигишкен жокпуз. Биз Кытайдын дарегине айтылган негисиз айыптоолорду четке кагабыз”, - деди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.
Президент Трамптын Коопсуздук кеңештеги билдирүүсүнөн кийин анын администрациясынан ысымын ачык айткысы келбеген расмий өкүлдүн кабарчыларга билдиришинче, Кытай америкалык коомдук пикирди манипуляциялоо, өз өкмөтү менен Коммунисттик партиянын кызыкчылыктарын түртүү үчүн саясий, экономикалык, аскерий жана маалыматтык ыкмаларды колдонуп жатат.
Администрация өкүлү вице-президент Майк Пенс Кытайдын аракеттерин келерки аптада деталдуу айтып берүүнү пландап жатканын кошумчалады.
АКШда быйыл 6-ноябрдагы шайлоодо Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү кайра шайланат. (UE)