Эрдоган Германияны Гүлендин кыймылын “террорчу уюм” деп таанууга үндөдү
![Эрдоган Германияны Гүлендин кыймылын “террорчу уюм” деп таанууга үндөдү](https://gdb.rferl.org/B290D3FF-9267-4F71-BB40-943AC0555517_w800_h450.jpg)
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай чакырыкты Германияга мамлекеттик визити алдында немистердин Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитине жарыяланган макаласында жасады.
Эрдоган макаласында Берлин Түркиянын тыюу салынган Күрт жумушучу партиясына (ПКК), Гүлендин кыймылына каршы күрөшүн колдойт деп күтөрүн да жазат.
Ага катар Германия менен Түркиянын буга чейин бузулган дипломатиялык алака-катышында “жаңы баракты” ачууну көздөй турганын да белгилеген.
Анкара АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын кыймылын 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деп күнөөлөп жүрөт.
Түркия лидери Германияга мамлекеттик сапар менен бүгүн түштөн кийин келгени жатат. Эрдоган иш-сапары учурунда Германия жана Евробиримдиктин башка мамлекеттери карым-катышты кайра чыңдоого умтулат деп күтүлүүдө.
Берлин менен Анкаранын мамилеси акыркы жылдары негизинен Эрдогандын авторитардык башкаруусу күчөгөнүнө жана Түркиянын 2016-жылдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки масштабдуу жазалоо чараларынан улам бузулган. Германия Түркиядагы укук бузууларды сынга алган.
Түркия президентинин Германияга мамлекеттик сапары Анкаранын АКШ менен мамилеси бузулуп, өлкө валюта кризисине кабылгандан кийинки учуруна туш келди. (UE)