Сирия менен Иорданиянын чегиндеги бекет кайрадан иштей баштады
![Сирия менен Иорданиянын чегиндеги бекет кайрадан иштей баштады](https://gdb.rferl.org/936E4FA1-585F-4011-9312-7B8DEB6E310F_w800_h450.jpg)
Сирия менен Иорданиянын чек арасындагы өткөрмө бекеттин иши жанданганын Сириянын Транспорт министрлиги кабарлады.
“Сирия-Иордан чек арасы аркылуу адамдар, товарлар өткөрүлө баштады”-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.
Сирия-Иордан чек арасындагы Насебе бекети расмий Дамаск үчүн маанилүү. Бул бекет аркылуу башка араб өлкөлөрүнүн жардамы түз келип, Башар Асаддын бийлигине өз позициясын бекемдеп алууга шарт түзүлөт.
2015-жылы Асадга каршы күчтөр бул соода маршрутун ээлеп алган. Быйыл июлда өкмөттүк күчтөр бекетти козголоңчулардан бошоткон эле.