Башкы прокуратура коррупциялык кылмыш иштеринен 32 млн. сом өндүрдү
![Башкы прокуратура коррупциялык кылмыш иштеринен 32 млн. сом өндүрдү](https://gdb.rferl.org/B0BCA9DD-FA70-4984-997A-A4EFCA7AA213_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Башкы прокуратура коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 32 402 135 сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Ушуну менен атайын эсепке башкы көзөмөл орган 123 миллион сомдон ашык каражат которгон.
Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Бирдиктүү депозиттик эсепке 400 миллион сомдон ашык түшкөн. Анын ичинен коррупциялык иштерден акча өндүрүү жаатында Улуттук коопсуздук комитети жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат алдыда экени кабарланган.
Буга чейин бизнестин өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда күч органдары коррупциядан акча өндүрүү шылтоосу менен ири компанияларды кысымга алып, акча өндүрүп жатканын айтып чыгышкан.(BkA)