"БТА банк": Рыскуловдун камакка алынышы банктын ишмердигине тиешеси жок
Буга чейин “БТА банктын” директорлор кеңешинин төрагасы болгон Темир Рыскуловдун камакка алынышы банктын ишмердигине тиешеси жок. Бул тууралуу аталган банктан расмий билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Ошондой эле "БТА банк" Рыскуловдун директорлор кеңешинин төрагалыгынан бошотулганын да маалымдаган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Темир Рыскулов сентябрь айынын орто ченинде кармалганын ырастаган. Маалыматка ылайык, Рыскуловго карата Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылууда. Алардын бири “Кызмат абалынан аша чаап, кылмышка кошо катышуу” беренеси экени айтылууда.
Ошол эле учурда журналист Элнура Алканова Рыскулов “Идеал Хаус” шаарчасынын сатылышы боюнча кармалганын айтып чыккан.
2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген.
Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал Хаус" шаарчасына байланышкан тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.
Журналисттин иликтөөсүндө Темир Рыскулов бул сатып алуунун фигуранттарынын бири катары көрсөтүлгөн болчу.
Кийин журналистке козголгон иш токтотулуп, “Идеал Хаус” боюнча Мүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков жана орун басары Бакыт Мураталиев камалган эле. (BkA)