Президент: коомду колу туткак чиновниктерден тазалап жатабыз
Президент Сооронбай Жээнбеков коомду коррупциядан жана колу туткак, элдин ырыскысына кол салган, ыймансыз чиновниктерден тазалап жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын жаңы жылдык куттуктоосунда айтылат.
Ошондой эле Жээнбеков өткөн жылы элге берген убадасын аткаруу үчүн иштегенин белгиледи.
-Өлкө аймактарын түрө кыдырып, сиздер менен баарлаштым. Коомубуздун ар кайсы өкүлдөрү менен жолуктум. Кандай иш болбосун, кадырлуу эл-журтум, сиздердин колдооңуздарды сездим. Баарыӊыздарга чын пейлимден чыккан ыраазычылыгымды билдирем, - деп айтты президент.
Андан сырткары 2018-жылы элет жерин өнүктүрүүгө басым жасалганын, бул иштер бул жылы да уланарын кошумчалады.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган иштер жасалганын, тышкы саясатта Орусия менен болгон мамиле чыӊдалып, коӊшу мамлекеттер менен карым-катыш жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгиледи.
Бул жылы сот-укуктук реформалар ишке аша баштаарын, Кыргызстан жаңы, чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого багыт аларын айткан президент элге тынччылык, бакыт тиледи. (BTo)