Президенттин жаңы жылдык куттуктоосу
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине жаңы жылдык куттуктоосу. (Президенттик аппараттын видеосу)
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине жаңы жылдык куттуктоосу. (Президенттик аппараттын видеосу)
Жаңы жыл майрам катары белгилене элек кезинде токойго жакын жашаган адамдар карагайлардын айланасына чогулуп, жанына алоолонто от жагып алып, ырдап, бийлеп көңүл ачышкан дешет. Бул көрүнүш бара-бара адатка айланган.
Дүйнө эли Жаңы жылды тосо баштады. Эң биринчилерден болуп 2019-жылды Жаңы Зеландиянын тургундары тосту. Салют шаардагы белгилүү жайлардын бири, эң бийик "Sky Tower" телемунарасынан аттырылды. Ал жерге миңдеген адамдар чогулду. Жаңы жылды алгач Тынч океандагы Самоа жана Токелау аралдары тоссо, АКШнын Ниуэ, Мидуэй аралдары эски жылды эң акыркылардан болуп узатат. Жаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери, анын ичинде кыргызстандыктар да белгилеген майрам. Жыл сайын 31-декабрдан 1-январга оогон түнү... Читать дальше...
Коррупцияга айыпталган парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковго сот шарттуу жазага тартканы коомчулукта кызуу талкууга түштү.
2018-жыл сапарын карытып, 2019-жыл босогодо турат. “Азаттык” шаар тургундарынан узап бараткан жылдагы жетишкендиктери жана келаткан жылдан эмнени күтүшөөрүн сурады.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Гасеминин 31-декабрда айтканына караганда, талибдердин өкүлдөрү 30-декабрда келип, тышкы иштер министринин басары Аббас Аракчи менен жолугушкан. Гасеми кошумчалагандай, анда "Ооганстандын тынч өнүгүшүнө багытталган коопсуздук маселелери" талкууланган. Бул жолугушуу тууралуу расмий Кабулга да маалымат берилген. Ирандын расмий адамдары талибдер менен буга чейин да жолугушкан. 17-декабрда АКШ, Пакистан жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү... Читать дальше...
31-декабрда Бишкекте шаардыктар менен борборго келген меймандар жаңы жылдык дасторконду жайнатуу, бирин бири куттуктоо менен алек болуп, базар, дүкөндөрдө түртүшмөй күч. Элдин коопсуздугу, тазалыгы, ден соолугу жана башка кызмат көрсөтүү милдетин алган тармак өкүлдөрү кадимкидей иш үстүндө. "Азаттыктын" кабарчылары алардын майрам алдындагы маанайын билүү үчүн иш үстүндө кабар алды.
Аталган мелдеште кыргызстандык спортчу казакстандык балбан Демеу Жадыраевди утуп, 72 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган.
Диний ишмер Ибрагим Белхароевдин автоунаасын Назрани шаарында белгисиз адамдар 31-декабрга караган түнү аткылашкан. Окуяда ал өзү курман болуп, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кавказ кызматынын кабарына караганда, Ибрагим Белхароевге буга чейин да эки жолу, 2008-жылы жана 2016-жылы кол салуу болуп, анда ал аман калган. Ибрагим Белхароев - Кавказдагы XX кылымдын башындагы белгилүү суфий аалымы, Батал ажы Белхороевдин чөбөрөсү. Ибрагим өзү расмий диний билим алган эмес. Читать дальше...
Өзбекстан менен Түркия 2019-жылы эки өлкөнүн президенттеринин катышууларында Стратегиялык кызматташтык кеңешинин алгачкы отурумун өткөрүшмөкчү.
Бишкекте 2018-жылы өткөн Азия чемпионатындагы грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудовдун беттеши эң мыкты беттештердин катарына кирди. Бул тууралуу Күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнөлүк федерациянын (United World Wrestling) расмий сайтына маалымат жарыяланды. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Акжол Махмудов менен казакстандык Демеу Жардаевдин 77 килограмга чейинки финалдык беттеши 2018-жылы орун алган беттештердин арасынан эң мыкты деп табылды. 28-февралда 72 килограмм салмакта Акжол Махмудов алтын байге үчүн таймашып... Читать дальше...
Магнитогорсктогу көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан улам Челябинск облусунда аза күтүү да жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу губернатор Борис Дубровский маалымдады. Шаарга Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова келди. Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйшөмбү күнү эртең менен көп кабаттуу үйдүн батиринде газ жарылып, кеминде төрт киши өлгөнү аныкталды. Эми дагы 70тей кишинин тагдыры белгисиз болуп жатат. Ооруканага жабыркаган үч адам, анын ичинде бир бала жеткирилди. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясатында өзгөрүүлөр, бурулуштар болуп жатканын көрсөтүшү керек. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыктын” камактагы саясатчылар тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып билдирди. Экс-президент ошондой эле саясий маданият, президенттердин жана экс-президенттердин милдеттери менен укуктары, билимге мамиле, кадр саясаты тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Эмануэль Макрондун өтүп бараткан жылдагы бонусу оппозициячыларынын өлүмү жана камакка алынуулары менен толукталды.
Украинада президенттик шайлоо кийинки жылдын 31-мартында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлердин документтерин кабыл ала баштады. Социологиялык сурамжылоолорго караганда, элдин колдоосуна ээ болуп жаткандардын арасында "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко, куудул Владимир Зеленский, “Жарандык позиция" партиясынын башчысы Анатолий Гриценко, оппозициячыл саясатчы Юрий Бойко жана азыркы президент Петро Порошенко бар. Булардын ичинен мурдагы премьер-министр... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетүү жараянын басаңдатуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аны менен жолугушуп чыккандан кийин республикачы сенатор Линдси Грэм маалымдады. Ошол эле кезде Трамп Сириядан аскерлерди чыгаруу тууралуу баштапкы чечиминен кайтпай турганын билдирген. CNN телеканалынын маалыматына караганда, Трамп Сириядан аскерлерди чыгаруу боюнча көз карашын өткөн жумада Иракка баргандан кийин өзгөрткөн. Анда АКШ президенти аймакта... Читать дальше...
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын жараны Пол Уиланды тыңчылык боюнча шектүү катары кармады. Ал 28-декабрда колго түшүрүлгөнү кабарланган, бирок ФСБ бул тууралуу үч күндөн кийин гана маалымат таратты. Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги америкалык жарандын кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек. ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, Пол Уиландын күнөөсү далилденсе, ал 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Москва менен Вашингтондун алакасы бир катар эл аралык жана аймактык маселелерге... Читать дальше...
"Совет бийлигинин тушунда топтолгон байлык ошол мезгилде төрөлгөн кишилерге бөлүп берилет" деген имиш Ош шаарында желдей тарап жатат. Бир айдан бери "белгисиз байлыкты бөлүштүрүп алуу үчүн" Союз учурунда төрөлгөн адамдардын документтери чогултулууда. "Вотсаптан" тараган имишке ишенгендер Союз мезгилинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн "тонналаган алтындарды элге кайтарабыз" деген демилгечилерге тапшырууда.
Бул тууралуу 31-декабрда Эл аралык журналисттер федерациясы (IJF) кабарлады. Анын маалыматы боюнча, 94 журналисттин айрымдары согуш жүрүп жаткан аймакта же теракт учурунда көз жумса, кээ бири буюртма менен өлтүрүлгөн. Журналисттердин өлүмү боюнча Ооганстан алдыда турат. 30-апрелде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери уюштурган Кабулдагы кош теракттан 25 адам каза тапкан. Көз жумгандардын арасында жети журналист, анын ичинде “Азаттыктын” ооган кызматынын эки кабарчысы болгон. Брюсселде... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн 170ке жакын адамга мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка бүгүн, 31-декабрда кол койгонун президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. II даражадагы “Манас” ордени менен мамлекеттик ишмер Исмаил Исаков, Инженердик академиянын вице-президенти Карыпбек Алымкулов жана Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор... Читать дальше...
Кыргызстанда кылмыш-укук мамилелерин тескеген беш кодекстин жаңы редакциясы менен эки жаңы мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргени турат.
Кыргызстанда 2019-жылдын 7-февралынан тартып айдоочуларды ОСАГО камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирет. Учурда мамлекеттик каржы көзөмөлдөө органы жол коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлерине аталган полистин бар-жогун текшерүү укугун ыйгарууну көздөп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Полистин жоктугу үчүн жеке адамдар үч миң сомдук, юридикалык тараптар 13 миң сомдук айыппулга жыгылат. Бирок каржы көзөмөлдөө органы айдоочуларга 7-августка... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы бийлик бутактарынын жетекчилерин жаңы жылы менен куттуктап, 2018-жыл жалпысынан натыйжалуу болгонун, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги мамлекеттин өнүгүшү үчүн эриш-аркак иштегенин белгиледи. Читать дальше...
2019-жылдын 4-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана мындан ары жааганы жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда жана Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү топтолот, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу зарыл. 1-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости