Жаңы жыл түнү “Тез жардам” кызматына 333 чалуу түштү
Жаңы жыл түнү Бишкекте “Тез жардам” кызматына 333 киши кайрылды. Алардын ичинен Ала-Тоо аянтынан 12 чалуу болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.
-Борбордук аянтта бир киши жүрөгү ооруп ооруканага жеткирилген, “анын абалы жакшы” деп айтышты. Бир баланын бетинин тушуна жардыргыч жарылган. Анын жаракаты жеңил эле болгондуктан жеринен эле жардам көрсөтүлгөн.
Андан тышкары жол кырсыгында үч киши жаракат алып ооруканага жаткырылды. (BTo)