Ошто жертөлөдөн чыккан өрттөн эки кыз набыт болду
Ошто 12 кабат үйдүн жертөлөсүнөн чыккан өрттөн эки кыз набыт болду. Алардын сөөктөрү 1-январь күнү, саат 07:50 чамасында табылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каза болгон кыздардын тек-жайын аныкташты. Алардын бири Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Милициянын алгачкы божомолдору боюнча коопсуздук чаралары сакталбай, ѳрт чыгып, натыйжада кыздар түтүнгѳ ууланып каза болушкан. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныкташ үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Джим кѳчѳсүндѳгү өрт чалган 1-үйдүн жертѳлѳсүндѳгү бул мейманкананын администраторлоруна карата былтыр “Сойкулук үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу” беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, андагы сойкукана жабылган. Жертөлө акыркы убакта мейманкана катары иштетилип жаткан. (MdN)