Facebook жалган аккаунттарды “саткандарды” сотко берди
"Фейсбук" корпорациясы "Инстаграм" менен чогуу Кытайда жайгашкан төрт компанияны жана үч кишини жалган аккаунттарды түзүп, “жакты” деген белгини баскандарды, катталуучуларды сатуу менен алектенгени үчүн АКШнын федералдык сотуна берди. Бул тууралуу “Америка авазы” радиосу кабарлады.
"Фейсбук» компаниясынын маалыматына караганда, айыпталуучулар менен фирмалар "Фейсбук", "Инстаграм" платформаларында аккаунттарды сатышкан. Андан сырткары Amazon, Apple, Google, LinkedIn жана Twitter платформаларында да ушундай жол менен пайда көрүшкөн.
Былтыр ноябрда «Фейсбук» Кошмо Штаттардын бийлиги чек өлкө менен байланышы бар деп күмөн санаган 115 аккаунтту жапкан. Вашингтондун мындай билдирүүсү Конгресске болчу шайлоонун алдында чыккан.