Издөөдө жүргөн кыргызстандык Казакстанда кармалды
Казакстандын Алматы шаарында Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Чүй облусунун 48 жаштагы тургуну буга чейин уюшуп карактоого, ири суммада тоноого, опузалоого байланыштуу бир нече жолу соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган жаран ушул өңдүү айыптар менен 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Ал Алматыда казакстандыктын атына берилген мыйзамсыз паспорт менен жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аны кармоо операциясын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери менен Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин өкүлдөрү чогуу жүргүздү. Шектүү камакка алынды. (ErN)