Тажикстандын вице-премьери кыргыз-тажик чек арасына келди
Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим кыргыз-тажик чек арасына келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин өкмөттүн басма сөз өкүлү Чыңгыз Эсенгулов: «Урматтуу кесиптештер, учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Окуя болгон жерге мамлекеттик органдардын кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерин координациялаш үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жөнөтүлгөн», деп билдирүү тараткан.
Эсенгулов чектеш райондордо мындан аркы эскалацияга жол бербөө максатында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылып жатканын белгилейт.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. (KR)