Жеңиш Разаков: чагымчыл күчтөр бар
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков журналисттерге сүйлөп жатып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутуп жаткан чагымчыл күчтөр бар экенин айтты.
Баткен облусуна кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн барган вице-премьер-министр күч органдары жана жергиликтүү бийлик органдары менен жыйын өткөрдү. Жыйындан соң чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Разаков «бул жерде чагымчыл күчтөр бар» деп билдирип, жергиликтүү тургундарды алардын таасирине алдырбоого чакырды.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.
13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. (KR)