Утрехттеги кол салууда үч кишинин өмүрү кыйылды
Нидерланддын Утрехт шаарында куралчан адам трамвайдын ичинде жүргүнчүлөргө ок атып, андан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Утрехттин мэри Ян ван Занен билдиргендей, жаракат алган тогуз кишинин үчөө оор абалда жатат. Полиция шектүү катары Түркияда төрөлгөн 37 жаштагы Гөкмен Таныш аттуу адам изделип жатканын билдирип, анын трамвайдын көзөмөл камерасы тартып калган сүрөтүн "Твиттерге" жарыялады. Нидерланд полициясы "Ага жакындабагыла!", - деп эскертти.
Кол салуу дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча 10:45тер чамасында "24-октябрь" аттуу бир нече көчөнүн кесилишиндеги аянтта болгон. Күбөлөрдүн айтымында, куралчан адам трамвайдын ичинде туш келди ок атып, андан соң из жашырып кеткен.
Бийлик бул кол салуунун артында иликтөөнүн бир бөлүгү катары террорчулук версиясы да каралып жатканын маалымдады.
Нидерланддын үчүнчү ири шаары саналган Утрехтте жана анын терегиндеги провинцияда теракт коркунучу эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.
330 миңден ашык киши жашаган Утрехтте кол салуудан кийин поезд жана трамвай каттамдары убактылуу токтотулду.