Жунус уулу: Атамбаев күч органдарына баш кесерлерди чогулткан (видео)
Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда парламентке кысым катуу болгонун айтты.
Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, 2016-жылы эл өкүлдөрүнө Конституциялык реформаны колдоо талабы коюлганын билдирди жана Атамбаев башкарган жылдардагы кадр саясатын сындады.
«Атамбаев күч органдарынын башына жалаң баш кесерлерди чогулткан. Баш кесерлер деп мен белгилеп айтам. Бакиев канчалык жаман болсо да анын убагында башкы прокурор болуп тажрыйбасы бар, өмүр бою прокуратурада иштеген адамдар келген. ИИМге азбы-көппү эмгек кылгандар барчу. Атамбаев болсо анын бир сөзүн эки кылбаган Улан Исраиловду ИИМге, Абдил Сегизбаевди УКМКга алып келди».
Буга чейин 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү боюнча митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти орой сөз менен сынга алган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Атамбаевдин сөзүнө жооп берип, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди. (BTo)