«Ата Мекен» Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо талабын коёт
«Ата Мекен» партиясы 23-апрелде Жогорку соттун алдында тынчтык митингин өткөрөт. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо талаптары коюлат.
Мындай чечим «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынган.
Апрелде болчу митингде сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары да коюлат.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. (BTo)