Ошто күйүүчү май саткан бекет өрттөндү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Петров көчөсүндө жайгашкан май бекеттен өрт чыкканы тууралуу кабар кечки саат 20:16да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм жөнөтүлгөн. Жапа чеккендер бар-жогу аныкталууда. ӨКМден кошумча маалымат берилерин кабарлашты.(MdN)