Дарига Назарбаева өлкөдөгү экинчи адамга айланды
20-мартта Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Анын ордуна Сенаттын спикери болуп Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева шайланды. Бул - Дарига Назарбаева кызматы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланды дегенди билдирет.