Ирандыктар Ноорузду каржылык каатчылыкта майрамдап жатышат
Улустун улуу күнү - Нооруз майрамы Иранда да эзелтеден бери белгиленип келет. Тегеранда даярдык бир апта мурда эле башталган. Базарларда Нооруздун символдору деп саналган кызыл балык, дасторконго коюлчу дүр-дүйүм тамактын түрлөрү сатылып жатат. Бирок аларды сатып алган элдин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу аз. Буга АКШ Иран менен дүйнөлүк алты держава макулдашкан өзөктүк келишимден чыгып, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтиргени түрткү болду. Ирандын улуттук акчасы - рупий наркын жоготуп, баалар өсүп кетти.
Ирандыктар бул майрамды бир нече күн белгилешет. Алар дасторконуна С тамгасынан башталган жети тамактын түрүн коюшат. Жети саны перс маданиятында бактылуу сан деп эсептелет жана ал бакубаттыктын, молчулук менен токчулуктун белгиси деп саналат. Ошондой эле дасторконго тирүү кызыл балык салынган кесе, кызыл түскө боёлгон жумуртка, ыйык Куран китеби жана балдар үчүн акча да коюлат.