НАТО Польшага АКШнын куралын жайгаштыруу үчүн кампа курат
НАТО Польшага бригаданы курал менен толук камсыз кылууга жете тургандай америкалык бронотехника, курал, ок дарыларды жайгаштыруу үчүн кампаларды түзөөрүн тастыктады.
НАТОнун өкүлү бул маалыматты "Wall Street Journal" гезитине тастыктап, кампалар Повидзе шаарында болот деп пландалып жатканын билдирген. Курулушка болжол менен 260 млн. доллар кетет. Жумуштар 2019-жылдын аягында башталып, эки жылга созулат.
Польша өкмөтү өлкөнүн аймагында америкалык аскер базанын туруктуу жайгашуусуна аракет кылып келет. Польшанын президенти ал базаны "Форт Трамп" деп атоону сунуштап жана Варшава аскер база үчүн жылына 2 миллиард доллар төлөп берүүгө даяр. АКШ бул идеяны талкуулап жатат. (TSh)