Ооганстан Пакистандагы элчисин чакыртып алды
Ооганстан бул кадамга Пакистандын премьер-министри Имран Хандын маалымат каражаттарына Кабулда убактылуу өкмөт түзүү тууралуу айтканын жүйө келтирилди.
Имран Хан 25-мартта жергиликтүү журналисттерге Ооганстанда убактылуу өкмөт түзүлсө, АКШ менен талибердин сүйлөшүүлөрүнө жардам болмок деген оюн айткан.
Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан премьеринин билдирүүсүн ооган элин, эгемендигин сыйлабоо катары баалады.
АКШ менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстанда он жети жылдык согушка чекит коюуну сүйлөшүп жатат.
Согушкерлер ооган президенти Ашраф Ганинин ага катышуусуна каршы. Алар Ооганстандын расмий бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып, аны Батыштын, АКШнын «куурчак» өкмөтү деп атап келе жатат.
Американын Мамлекеттик департаменти шейшембиде "Талибан" менен сүйлөшүүлөрдөгү атайын өкүл Залмай Халилзад Ооганстанга жөнөп кеткенин билдирди. 10-апрелге чейин улана турган сапардын жүрүшүндө Халилзад Пакистанга да барат.