АКШ космосту таза кармоо зарыл экенин эске салды
Индия жандоочту атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салгандан кийин Кошмо Штаттар бардык мамлекеттерге космосто башаламандык жаратпоо жана аны таштандыларга толтурбоо зарыл экенин эскертти. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын милдетин аткаруучу Патрик Шанахан билдирди.
- Биз баарыбыз космосто жашайбыз, аны таштандыга толтурбайлы. Космос биз бизнес жүргүзө турган жер эмес, - деген Шанахан Кошмо Штаттар азырынча Индиянын сыноосунун натыйжаларын иликтеп жатышканын кошумчалады.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өз өлкөсү космостогу жасалма жандоочторду бутага алууга жөндөмдүү ракетасын сыноодон өткөргөнүн 27-марттагы телекайрылуусунда жарыялады. Өкмөт башчы бул операция менен өз өлкөсү космосто үстөмдүк кылган мамлекеттердин - АКШнын, Кытайдын жана Орусиянын катарына кошулганын айткан.
Эксперттердин айтымында, жандоочторду атып түшүрүүчү космосто кооптонуу жаратышы мүмкүн. Анткени жандоочтун сыныктары орбитадагы башка обьектилер менен кагылышып кетиши ыктымал.