Мальта мигранттар күчтөп айдатып кеткен кемеге көзөмөл орнотту
Мальтанын куралдуу күчтөрү Жер ортолук деңизинде мигранттар күчтөп айдатып бараткан кемеге толук көзөмөл орнотту. Мунай ташыган чакан танкер бир нече саат мурда Мальтанын баш калаасы Валлеттанын чекесиндеги портко келди. Полиция мигранттардын ичинен кеминде төртөөнү камакка алды.
Түркияга таандык экени кабарланган «Эл Хиблу-1» аттуу бул кеме шейшемби күнү Жер ортолук деңизинин Ливия көзөмөлдөгөн аймагынан ондогон мигранттарды куткарып калган. Кеменин экипажы аларды артка кайтарыш үчүн Ливияга барууну чечкен. Бирок мигранттар кемени башкарууну колго алып, капитанды танкердин багытын Европага бурууга мажбурлашкан.
Шаршемби күнү Италиянын өкмөтү кемедеги мигранттарды кабыл албай турганын билдирген. Азырынча Түндүк Африка өлкөлөрүнөн чыгып, Европага барууну көздөгөн бул мигранттар танкерге кантип көзөмөл орноткону так айтыла элек.