Ардерн «Фейсбуктун» расизмге тыюу салуу аракетин кубаттады
Жаңы Зеландиянын премьер-министри «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн ак расаны даңазалаган билдирүүлөргө тыюу салуу аракетин кубаттады. Жасинда Ардерн Интернет гигантынын Крайстчөрч шаарындагы кандуу теракттан дээрлик эки жума өткөндөн кийинки бул чечимин жакшы өзгөрүү катары баалады.
Бир күн мурда Марк Цукерберг башында турган «Фейсбук» компаниясы социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө кийинки аптадан тартып тыюу саларын жарыялаган. Аталган компания кастыкты козуткан, расисттик чакырыктарга мурда эле тыюу салып келгенин, бирок бул багытта аракет жетишсиз болгону ачыкка чыкканын билдирген.
15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайтсчөрч шаарындагы эки мечитке австралиялык Брентон Таррант аттуу киши ок жаадырып, теракттан 50 кишинин өмүрү кыйылган. Экстремисттик көз карашты карманган бул адам окуяны «Фейсбуктагы» барагы аркылуу түз алып көрсөткөн. Бул видео өчүрүлгөнгө чейин аны 4 миңдей адам көргөнгө үлгүргөн. «Фейсбук» компаниясы бул видеонун баш-аягы 1,5 миллионго чукул көчүрмөсүн социалдык тармактан өчүргөн.