Би-Би-Си Порошенкодон кечирим сурады
Британиянын Би-Би-Си телерадиокорпорациясы Украинанын президенти Петро Порошенкодон кечирим сурап, «чындыкка жатпаган» маалымат менен ага келтирген зыяны үчүн кенемте төлөп берерин билдирди. Ошондой эле телекорпорация саясатчы жалдаган юристтердин эмгегин да төлөп берерин маалымдады. Бул тууралуу корпорациянын сайтында жазылган билдирүүдө айтылат.
2018-жылдын май айында чыккан макалада Би-Би-Си өз булактарына таянуу менен АКШ президентинин жеке юристи Майкл Коэн Порошенконун өкүлдөрүнөн 400 миң доллар алып, бул үчүн 2017-жылы эки саясатчынын жолугушуусун уюштурганын жазган.
Украин президентинин администрациясы ошондо эле бул макаланы «жалган, ушак жана украин-америка алакасын бузууга багытталган фейк өнөктүгүнүн бир бөлүгү» деп атаган.
Порошенко Би-Би-Сини сотко берип, өз кызыкчылыктарын коргош үчүн «Atkins Thompson» деп аталган британ юридикалык компаниясын жалдаган.
Юристтер сотто телекорпорация макаладагы маалымат боюнча бир да далил көрсөтө алышпаганын жана бул маалымат Порошенкого моралдык зыян келтиргенин кошумчалашкан. Лондондун Жогорку соту Порошенконун пайдасына чечим чыгарган.
Петро Порошенко 31-мартта Украинада өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө ат салышып жатат.