АКШ өкүлү Азияда Иранга кысымды күчөтүүгө аракет көрүүдө
Вашингтондун расмий өкүлү Азия өлкөлөрүн Иранга кысымды күчөтүүгө көндүрүүгө аракет кылууда. АКШнын финансы министринин каржылык чалгындоо жана терроризм боюнча жардамчысы Сигал Манделкер 29-мартта Сингапурдагы сапарында Малайзиянын, Сингапурдун жана Индиянын жетекчилери менен кездешкен учурда Тегеран менен кызматташууда этият болууга чакырарын айтты. «Ирандын режими мунай ташууда эл аралык коомчулукту кандай алдап жатканын алар билүүгө тийиш», - деди Вашингтондун өкүлү.
АКШнын администрациясы Ирандын мунай экспортун нөлгө жеткириш үчүн импортер өлкөлөрдү Ислам Республикасынан кара май албоого чакырууда жана андай болбосо, санкцияларга туш болушарын эскертти.
Вашингтон айрым өлкөлөрдүн экономикасы жабыркабашы үчүн «Тегерандан мунай алууну уланта берсин» деп кыска мөөнөткө көнгөн. 26-мартта АКШ жасалма компаниялардан турган түйүндүн ишин үзгүлтүккө учуратканын билдирген. Ал компаниялар эл аралык санкцияларды бузуп Ирандын Революциялык сакчылар корпусуна жана Коргоо министрлигине 1 миллиард доллардан көп акча которгону белгилүү болгон.
Былтыр АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимден чыгып кеткен жана кайрадан санкцияларды киргизе баштаган. Келишимде Тегеран өзөктүк программасын чектейт, ал үчүн санкциялар бара-бара алынат деп айтылган.
Иран «террордук уюмдарды колдойт» деген айыптоолорду четке кагып, атомдук программасы тынчтык максаттарын көздөөдө деп ырастап келет.