Түркия Орусиядан абадан коргонуу системасын сатып алат
Түркия Вашингтондун эскертүүлөрүнө карабай Орусиядан абадан коргонуу системасын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Министр Анкара ал системаны башка тараптарга сатпай турганын да кошумчалады.
28-мартта америкалык төрт сенатор Түркия орусиялык S-400 системасын албайт деген кепилдик болмоюнча ал өлкөгө F-35 үлгүсүндөгү учактарды сатууга тыюу салган жобону Сенаттын кароосуна киргизишкен.
Чавушоглу Түркия ал учактар боюнча бардык милдеттенмелерин аткарганын белгиледи. Министр Анкара АКШнын Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган кадамын айыптай тургандыгын да айта кетти. Лавров Вашингтон ал чечимди «атайлап өзүм билемдигин көргөзүш үчүн» кабыл алынганын белгиледи.