Украинада шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү ишембиге караган түнү токтойт
Украинада президенттик шайлоо өнөктүгү аяктоодо. 31-марттагы добуш берүүгө бир күн калганда үгүт жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат. Жарышка 39 талапкер катышууда, бирок үчөөнүн шанстары жогору бааланууда, алар – азырык президент Петро Ппорошенко, куудул Володимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко. Зеленский сурамжылоолордо биринчи болуп келатат.
28-мартта Львов шаарындагы митингде Порошенко эки негизги атаандашын «бозгундагы олигархтар каржылоодо» деп сындады. Мамлекет башчы ошондой эле «Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын НАТО менен Еврошаркетке кирүү боюнча мүдөөсүнө жолтоо боло албайт» деди. Митингге 20 миңдей киши катышканы кабарланды. Ашынган оңчулдар иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи.
Алар Порошенкону коррупцияга байланыштуу айыптап, коргонуу тармагындагы көз боемочулукка тиешеси барларды жазалоону талап кылышууда. Президент аскердик жабдууга байланышкан жаңжал боюнча дооматтарды четке кагып келатат.
Ал арада украин ички иштер министри Порошенко менен Тимошенкону «болжолдуу шайлоочуларынын добуштарын сатып алууга аракеттенүүдө» деп айыптады. 28-марттагы билдирүүдө Арсен Аваков анын мекемеси даттанууларды текшерип жатканын билдирди.