Оштогу балакай "Ван Дамм" турникке шпагатка отуруп, чимириле тээп өнөрүн көрсөттү
Эки метрдей бийиктикте турган мүшөктөрдү айланып тээп, бир колу менен жерден түртүлүп, турниктин асты-үстүнө шпагатка отуруп ойногон 8 жаштагы Мухаммед Али Хасанакунов белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Ал жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган.