Сапар Исаков Азиададан келген спортчуларды кыса кучактап, өөп тосуп алды
Ашхабадда өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында күч сынашкан спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аба майданынан өкмөт башчы Сапар Исаков, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды.