Кытайга карызды төлөө боюнча орган түзүү сунушталды
Мындай сунуш менен мурдагы финансы министри, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров чыкты. Ал “Азаттыкка” курган маегинде учурда Кыргызстандын алдында Кытайдан алынган насыяларды төлөй албай калуу тобокелдиги турганын жана бул маселени чечүү үчүн өкмөт азыртадан аракет көрүшү керектигин билдирди. Депутаттын маалыматы боюнча, Кытайга карызды төлөөнүн эң активдүү фазасы 2024-жылы башталат. Бул учурда жыл сайын 324 миллион доллардан төлөө керек жана анын 70 пайызы Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет. Читать дальше...