Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Бүгүн Бишкек шаарында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан мыкты балбандар катышат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын күчтүүлөрү аныкталып, улуттук курама команда түптөлмөкчү. Ошондой эле бул чемпиондор Кытайда боло турган Азия чемпионатына даярдана баштайт. Чемпионат Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Эркин күрөш боюнча мелдеш эртең 10-январда аяктайт. Ал эми 11-январдан тарта өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпионат башталып, эки күнгө созулат. Читать дальше...