Өзбекстан менен Германия 4 млрд. доллардык келишим түзүштү
Өзбекстан Германия менен биргеликте даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 4 млрд. доллардык келишим түзгөн.
Өзбекстан Германия менен биргеликте даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 4 млрд. доллардык келишим түзгөн.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы 17-январда сыйлык тапшыруу аземинде кыргыз футболчуларына "Азия кубогундагы" жеңиши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков мекенге ак кызмат кылууга мисал келтирип жатып, футболчуларга токтолгон: - Кечээ биз, кыргызстандыктар, биздин футболчуларыбыздын абдан сонун оюнуна жана жеңишине күбө болдук. Биздин курама команда Азия кубогунда алгачкы жолу ойноп жатып эле, ушундай сонун ийгиликке жетти. Алар Филиппиндин оюнчуларын 3:1 эсебинде жеңип... Читать дальше...
Ысык-Көлдө жергиликтүү социалдык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын абалын сурап жүрүшөт.
"Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзамды эки жылга, тагыраак айтканда, 2021-жылга чейин жылдырууну Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 17-январдагы отурумда сунуш кылды. Анын айтымында, парламент 2016-жылы эле бул мыйзамды ишке ашырыш үчүн тиешелүү шарт-жоболорду иштеп чыгууну өкмөткө тапшырган. "Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жобо түзүлгөн эмес", деди депутат. Зулпукаровдун сөзүн спикер Дастан Жумабеков да кубаттады. Төрага... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим сурады. Анын 16-январдагы парламент жыйынындагы окуяга комментарийин жана кечирим сураган видеосун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты. Бакиров айрым маалымат булактары "кызматкерди жыйындан кууп чыкты" деп бурмалап кабар таратканын белгилеп, жыйын өткөрүүнүн эрежесин гана эскерткенин, Тынысов суроолорго так жооп бере албаганын, даярдыксыз келгенин кошумчалады. Читать дальше...
Кыргыз футболчуларынын Азия кубогундагы кезектеги жеңиши - футболчулардын өздөрүнүн гана эмгегинин натыйжасы деген депутат, өкмөт кыргыз футболуна мамилесин өзгөртүп, колдоо көрсөтүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, жыл өткөн сайын оюнга кызыккан жаш балдардын саны көбөйүп жатат: - Бишкектеги футбол борборунда орун жок деп таланттуу балдарды албай жатышыптыр. Ошондуктан, алар заманбап футбол борборун куруу үчүн Бишкек шаарынан он гектар жер сурап жатышат. Өкмөт ошону карап, жер берсе, футбол... Читать дальше...
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабы менен чыккандар 16-январда кезектеги митингин уюштурушту. Байкоочулардын болжолдуу эсебинде 300-400 киши катышып жаткан акциянын катышуучулары "жыйынга бийлик өкүлдөрү келсин" деген талапты коюшту. Ушундай эле талап менен 7-январда да митинг болгон. Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде... Читать дальше...
Алар кыргыз бийлигинен өздөрүн жана балдарын мекенге чыгарып кетүүнү суранышкан. Атын атабаган кыргызстандык келин Сирияга адашып, алдамчыларга азгырылып барып калышканын билдирип, лагердеги кыргызстандык аялдардын атынан кайрылуу жасаган: - Биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Сиздерге кайрылуубуздун себеби, биз бир жылга жакын убакыттан бери Күрдистанда, качкындар лагеринде жатабыз. Бул жерде биз менен катар эле башка чет мамлекеттердин да жарандары бар, алардын көпчүлүгүн мекенине алып кетишти.... Читать дальше...
Сириянын Манбиж шаарында жанкечти өзүн жардырып, бери дегенде 16 адам курман болду. Үч киши жараат алды. Каза тапкандар арасында АКШнын төрт жараны бар, алардын экөө аскер кызматкерлери болчу. "Reuters" агенттиги 16-январдагы жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу мойнуна алганын билдирди. Манбиж шаары 2018-жылдын соңку күндөрүндө бийликтин көзөмөлүнө өткөн. Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" тобу жеңилгенине байланыштуу америкалык кошуундар Сириядан чыгарыларын айткан. Читать дальше...
Жогорку Кеңешке свитер кийип барганы үчүн депутаттардын каарына калган аткаминердин окуясы кыргыз коомчулугунда катуу талкуу жаратты.
Улуттук команда финалдын 1/8 бөлүгүнө үчүнчү орундан чыкты.
Бүгүн, 17-январда Бишкектин Октябрь райондук соту Ош прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиев боюнча доо арызды карайт. Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев билдиргендей, буга чейин создугуп келген ишти сотто кароо бүгүнкүгө белгиленген. 2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”... Читать дальше...
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектелип жаткан Мелис Калыковдун жакындары сотто мыйзам бузуу болгонун айтып чыгышты. Баткен райондук сотунда Мелис Калыковдун арызы 15-январда анын катышуусуз каралган. Шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова муну менен мыйзам бузулганын, сот актоочу тараптын айткандарын эске албай жатканын, ишти караган судьянын кеңешүү бөлмөсүнө чоочун адамдар киргенин "Азаттыкка" билдирди. Баткен облустук соту бул айтылгандарга комментарий бере элек. Мелис Калыковдун адвокаты былтыр 17-ноябрда... Читать дальше...
Кения полициясынын маалыматына караганда, каза болгондордун он алтысы жергиликтүү тургундар, британиялык жана америкалык эки жаран да бар. Дагы бир кишинин тек-жайы тактала элек. 28 адам ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилди. Полиция террорчуларга каршы операция жүргүзүп, беш согушкер жок кылынганы кабарланды. Аларга көмөктөшкөн деген шек менен эки адам камакка алынды. 15-январда Найробидеги мейманканага террордук чабуул болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Аль-Каида" тобуна байланышы бар "Аш-Шаббаб" уюму моюнга алды. Читать дальше...
Ысык-Көлдө бүгүн, 17-январда «Акун» пансионатынын жооптуу адамдарына карата козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны башталат. Пансионаттын администрациясына кылмыш иши былтыр июлда «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин козголгон. Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдиргендей, кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки өкүлү шалаакылык боюнча айыпталууда. Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. Читать дальше...
Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги бүгүн, 17-январда парламенттин сессиясында каралат. Бейшеновду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Мурдагы министр Жамшитбек Калилов декабрда өз каалоосу менен кызматтан кеткенден бери бул орун бош турат. Калилов "ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарын жактап чыккандан кийин сынга кабылган. (NT)
Казакстандык көркөм муз тебүүчү Денис Тендин апасы анын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин кайрадан тергөөнү талап кылып жатат. 16-январда Алматынын район аралык сотунда Тендин өлүмү боюнча жараянда тараптардын жарыш сөзү башталды. Прокурор бул иш боюнча айыпталган үч кишини 20 жылдан түрмөгө кесүүнү сурады. Маркумдун апасы Оксана Тен видео көзөмөл камераларындагы жазууларга жана соттолуучулардын көрсөтмөсүнө ылайык, шектүүлөр автоунаанын ээси ким экенин алдын ала билгенин айтып, күнөөлүүлөрдү... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости