Мындай маалымат 30-январдагы Жогорку Кеңештин сессиясында мунапыс тууралуу мыйзам долбоору талкууланган учурда айтылды.
Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электерди, 60 жаштан улуу эркектерди, 55 жаштан өткөн аялдарды, I жана II топтогу майыптарды, эки же андан ашык балдары барларды же майып балалууларды, үй-бүлөдө жалгыз камсыздоочу болгондорду, анча чоң эмес жана оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандарды жазадан бошотууну сунуш кылууда. Читать дальше...