Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 05.04.2020

8-апрелден тартып IV чейректин сабактары онлайн бериле баштайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 8-апрелден тартып IV чейректин сабактары КТРКнын “Баластан” (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин “Илим Билим” (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", 5-каналдары аркылуу эфирге берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Учурда видеосабактар тартылып, монтаждалып жатат. Видеосабактарды тартууга 210 мугалим катышкан. Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер... Читать дальше...

Садырбекова: Олимпиадага барчу спортчулар үй шартында машыгууда

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова улуттук курама командалардын мүчөлөрү толугу менен карантинге тараганын айтты.



Каармандар сүйлөйт

Azattyk.org 

Кырчындай жүзгө жакын жигиттин өмүрү кыйылып, Бишкектеги Ак үй алды канга боёлгон Апрель революциясына 10 жыл толот. Кыргызстан өнүгүп, мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүлсүн деген талап менен бийликке каршы чыккан жигиттердин максаты ишке аштыбы же жакындарынын түбөлүк өксүгү болуп калдыбы? Ал тууралуу каза болгон жигиттердин жакындары баяндайт.

Казакстандагы төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Жамбыл облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы коронавирус жаңы аныкталган 17 кишинин ичинен төртөө кыргызстандык экенин билдирди. Алар жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары экени кабарланды.   5-апрелге карата Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 551 киши болду. Алардын ичинен 36 бейтап сакайып чыкты. Илдеттен беш адам каза болду.  Учурда Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек. (TSh)

Мунайга байланыштуу эл аралык онлайн конференция жылдырылды

Azattyk.org 

Мунай экспорттоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн 6-апрелге белгиленген видеоконференциясы жылдырылды. "Reuters" агенттиги билдиргендей, онлайн жыйын 8-апрелде же 9-апрелде өтүшү ыктымал. Конференция Эр-Рияд менен Москванын мунай өнүдүрүшүнө байланыштуу тил табыша албаганынан улам өз убагында өтпөй калды.  Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдош үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуш кылган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып... Читать дальше...

"Lamborghini" медициналык беткаптарды чыгара баштайт

Azattyk.org 

Италиялык "Automobili Lamborghini" компаниясы хирургиялык жана медициналык беткап чыгаруу үчүн бир канча цехтерди жабдуулар менен камсыздайт. Беткаптар Болонье шаарындагы ооруканаларга берилери компаниянын сайтында жазылды.  Мурдараак "Armani"​ мода үйү Италияда COVID-19 вирусун жуктургандарды караган дарыгерлер үчүн бир жолу кийчү атайын халаттарды тиге баштарын кабарлаган.  АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 5-апрелге карата Италияда 124 600дөн көп киши коронавирусту жуктуруп алды. Читать дальше...

Коронавируска чалдыккан эки киши жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен беш адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен эки адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, үч адам кислород менен дем алууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов маалымдады. 5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Читать дальше...



Беткап чыгарган жабдык 10 жылдан кийин иштеди

Azattyk.org 

Ишкер Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдыкты Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Уруксат кагаздарын берүү кечеңдегенде кол шилтеп, аны иштетпей койгон эле. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган. Учурда күнүнө 100 миң даана беткап чыгарып жатышат.

Министр “коронавирустан дарыланган жокмун” деген аял боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов Интернетте “коронавирустан дарыланган жокмун” деген аялдын видеосу боюнча комментарий берди. Абдыкаримов жалган маалымат тараткан адамдарга мыйзам боюнча жаза каралганын эскертип, аялдын айткандарын жокко чыгарды. “Кээ бир кишилер "мени дарылаган жок, ооруган жокмун" деп айтып жатышат. Ал киши балким оорубагандыр, бирок анын денесинде вирус болгондон кийин чөйрөгө кооптуу болуп эсептелет. Ошондуктан биз аларды дарылап чыгаргандан кийин "мен дары ичкен жокмун" дегени акылга сыйбайт”... Читать дальше...

Жалал-Абадда 700гө чукул муктаж үй-бүлөгө жардам берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 662 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди. Шаардык мэриянын басма сөз борборунан билдиргендей, Материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 33 тонна ун калаадагы оор шартта турмуш кечирген үй-бүлөлөргө атайын комиссиянын чечими менен таратылууда. Муктаждарды шаардагы тийиштүү тармактардан жана шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия аныктаган. Жалал-Абад шаарында өтө оор шартта жашаган 942 үй-бүлө бар. Алардын 100дөн ашыгы багар-көрөрү жок карылар. Буга чейин алардын айрымдарына шаар мэриясы... Читать дальше...

5-апрель: коронавирус дагы үч адамга жукту

Azattyk.org 

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абыкаримов маалымдады. Жалал-Абад облусунда – 67, Ош облусунда – 35, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Бишкек шаарында – 18, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиден коронавирус табылган. Алардын 9у дарыгерлер. Обсервацияда 1454 адам жатат. Читать дальше...

Орус драма театры онлайн спектакль көрсөтөт

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театры онлайн спектакль көрсөтөт. Театрдын сайтында 4-5-апрель күндөрү "Демон" саундрамасы коюлары жазылды. “Урматтуу көрүүчүлөр, фильм, сериалдардан жана айрыкча жаңылыктардан чарчасаңар эс алуу күндөрү биздин театрга виртуалдуу баш бага аласыз”, - деп жазылат театрдын сайтында. Өлкөдөгү айрым аймактарда, анын ичинде Бишкекте 25-марттан тартып коменданттык саат киргизилген. Бул өзгөчө абал 15-апрелге чейин кабыл алынган. (TSh)

Дарыгерлерге атайын эсептен 38 млн. сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда атайын эсепке түшкөн каражаттан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38 559 307 сом бөлүнөт. Кошумча төлөм дарыгерден баштап, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлерге берилет.  Мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан... Читать дальше...



Москва

Повышенный режим готовности введён: Лето запомнится надолго десятку городов


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В этом году в ТиНАО будет благоустроено несколько больших зон отдыха



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Шнуров не стал помогать вокалистке «Ленинграда» Вокс, страдающей от аутоиммунного заболевания




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Многие краснодарцы к 25 годам имеют несколько высших образований, семью и бизнес

Певец Крид заявил, что бывшие сделали его сильнее

Медальный зачет Игр «Дети Азии» 28 июня: по-прежнему впереди Узбекистан


Анна Калинская

Теннисисты Котов и Калинская получили приглашение на Олимпиаду в Париже



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Отдыхающий в Кисловодске понял, почему там не любят москвичей, назвав 5 причин для недовольства столичными туристами



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России