Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 06.04.2020

Коронавируска чалдыккан Борис Жонсон реанимацияга которулду

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит -  британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди. - Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду - деп айтылат 6-апрелдеги билдирүүдө. Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган эле. Читать дальше...

"Азаттык" жана өнөктөштөрдүн иликтөөсү эл аралык абройлуу сыйлыкты жеңди

Azattyk.org 

«Азаттык» (RFE/RL), OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.   Аталган иликтөө бир үй-бүлөгө таандык жүк ташуучу компаниянын Борбор Азиядагы көмүскө ишмердиги, кыргыз аткаминерлери менен байланышы, теги күмөндүү жүз миллиондогон долларды Кыргызстан аркылуу адалдап кеткени тууралуу.   Том Реннер сыйлыгы кылмыштуулуктун жана уюшма кылмыштуулуктун бетин ачкан журналисттик... Читать дальше...

Эл үнү: Тамак-ашка муктаждар, Москвадан кайрылгандар

Azattyk.org 

«Эл үнү» программасына кайрылгандардын көбүн өзгөчө кырдаалда ишке чыга албай, жашоосуна күнүмдүк акча тапкан жарандар, жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр түзөт. Москвада хостелде убактылуу тургандар кыргыз бийлигине кайрылып, атайын учак жиберүүнү суранышты.



БУУ Кыргызстанга колдоо көрсөтөт

Azattyk.org 

6-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаалды, коронавирустун жайылышына каршы күрөштөгү биргелешкен кадамдарды талкуулады. Тактап айтканда, тараптар өлкөдөгү саламаттык сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу, чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сүйлөштү. БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело уюм кыргыз өкмөтү менен бирге сегиз артыкчылык берилген багытта иш алып барып жатканын айтты. Читать дальше...

Дарттын сүрү, дарынын түрү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 216 кишиге жетти. Бул илдеттен төрт адам каза болуп, 33ү айыгып чыкты. Пандемияга байланыштуу коомчулукта дагы эле толгон-токой суроолор бар.

Казакстанда коронавирус жуккандардын 19% медиктер болуп чыкты

Azattyk.org 

Казакстанда 6-апрелге карата коронавирус жукканы аныкталгандар 629 кишиге жетти. Алардын 120сы медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Ооруга чалдыккан медиктердин 67си - коронавируска байланыштуу шек саналган же жуктурган адамдарга түздөн-түз жардам көрсөткөндөр. Марттын аягында Казакстандын өкмөтү эпидемияга каршы иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча маяна берилерин билдирген. Ага ылайык, кооптуулук категориясына карап медицина кызматкерлерине... Читать дальше...

Нью-Йоркто эки өзбек жараны коронавирустан каза болду

Azattyk.org 

Өткөн аптада Нью-Йорктун Бруклин аймагында COVID-19 илдетинен Өзбекстандын эки жараны каза болду. Кошмо Штаттардагы өзбек элчилигинин маалыматына караганда алардын бири 51 жаштагы эркек, экинчиси 69 жаштагы аял болгон. Экөө тең үй-бүлөлөрү менен АКШда жашап, иштешчү. Нью-Йоркту он миңдеген өзбекстандык байырлайт. АКШда коронавирустан жабыркап жаткан ар бир үчүнчү адам Нью-Йорк штатына туура келет. Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандар 6-апрелге карата 340 миңди чамалады.

Иликтөөчү журналистти өлтүргөн адам 23 жылга кесилди

Azattyk.org 

Словакия соту иликтөөчү журналист Ян Куциякты жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүү үчүн айыпталган Мирослав Марчекти 23 жылга кести. Мурдагы аскер кызматкери Марчек өкүм угузулуп жатканда залда болгон жок. Ага чейин ал күнөөсүн мойнуна алган. Өткөн жылдын декабрында кылмышка себепкер болгон деп табылган дагы бир адам 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал да суракта айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташкан. Куцияк менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Куснированы 2018-жылдын февралында борбор Братиславадан... Читать дальше...



Орусиядан чартердик рейс менен 17 кыргызстандык келди  

Azattyk.org 

6-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Екатеринбург-Бишкек каттамы аткарылды. Ал учак менен Кыргызстанга 17 жаран келди. Алардын ичинен эки адам Ички иштер министрлигинин ооруканасына, үч киши жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. «Урал авиа линиялары» учагы Орусиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти. Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Орусияда дарыланып жаткан Чүй облустук ички иштер... Читать дальше...

Кыргызстанда Жогорку сот толугу менен карантинге жабылды

Azattyk.org 

Жогорку соту 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылганын жарыялады. Жарандар Жогорку сотто каралуучу иштердин графигин төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот: Жазык иштери боюнча — 0 312 66-35-01; Административдик жана экономикалык иштер боюнча - 0 312 66-34-29; Жарандык иштер боюнча - 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Буга чейин Кыргызстандын сот органдары өзгөчө... Читать дальше...

Жапония өзгөчө абал жарыялоого даярданууда

Azattyk.org 

Жапон өкмөтү борбор Токио баштаган жети аймагына 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизүүгө камынууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Синзо Абэ дүйшөмбүдө билдирди. «Бир айга жакын уланат. Инфекция таралып кетпеши үчүн адамдар ортосунда байланышты азайтууда эл менен бирге иштешибиз керек. Медициналык системабызды да жакшылап даярдашыбыз зарыл. Өзгөчө абал ушул себептерден улам жарыяланат», - деди премьер-министр. Жекшембиде Жапонияда коронавируска чалдыккандар бир суткада кескин көбөйүп, 3500дөн ашып кеткен. Читать дальше...

Бишкек зоопаркы жардамга муктаж

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы реабилитациялык зоопарктагы жаныбарларга эки мүшөк жемди жардам катары берди. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Анын маалыматына ылайык, карантинге байланыштуу жаныбарлардын жеми түгөнүп калган, учурда алар кайдыгер карабаган шаардыктардын жардамы менен кармалып турушат. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарлардын жемине жардам бергиси келгендерди «Instagram» социалдык тармагындагы @zoobishkek.kg дарегине кайрылууга чакырат. Андагы жаныбарлар үчүн жем, чөп, жаңгак, витаминдер керек. Читать дальше...

ЖАМК: ЖЭБ боюнча соттолгондор кадимки камераларда отурушат

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду. Мурдагы жетекчилер аларга карата соттун өкүмү күчүнө киргени үчүн №1 тергөө абагына жиберилген. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз бөлүмүнүн адиси Самат Калыков ырастады: «Бул адамдар өткөн аптада которулду. Читать дальше...

Жээнбеков: эч ким «бул оору мага жукпайт» деп тобокелге салганга акысы жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «өлкөдөгү өзгөчө кырдаал тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, бардык жарандар үчүн коркунуч жаратат» деди. Президент мындай пикирин апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди. «Эч кимдин «бул илдет мага келбейт, мага жукпайт» деп тобокелге салууга акысы жок. Азыр дүйнө жүзү боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты. Кыргызстанда да оору жугузгандар көбөйүп жатат. Тилекке каршы, каза болгон да учур катталды. Читать дальше...

Москвада калган мигранттардын суранычы

Azattyk.org 

Орусияда ишсиз калган мигранттар бийликтен атайын рейс менен Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат. Ушул тапта Москвада хостелде убактылуу турган мекендештердин тобу "Азаттыкка" 6-апрелде видео кайрылуу жиберди.

Жээнбеков: 7-апрель мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болгон

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жээнбеков апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу таратты. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Мамлекет башчынын кайрылуусунда 2010-жылдагы 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгонун, окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң экенин эске салды. Жээнбеков 7-апрелде адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандар өз өмүрүн өлкө келечегине арнаганын белгиледи. Президент апрель революциясы... Читать дальше...

Бишкек мэриясынын элге кайрылуусу

Azattyk.org 

Баш калаадагы жардамга муктаж жарандардын өтүнүчтөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбай Түлөбаев жооп берди.

Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Белгилүү коомдук ишмер, агартуучу Ташбоо Жумагулов 6-апрелге караган түнү 70 жаш курагында Москва шаарында каза болду.  Бул тууралуу жакындары кабарлашты. Маркумдун жубайы, акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Ташбоо Жумагулов онкологиялык ооруга чалдыкканын, учурда реанимацияда экендигин,  акыркы жети айдан бери Орусия президентинин Иш башкармалыгынын Москва шаарындагы борбордук клиникалык ооруканасында дарыланып жатканын 2-апрелде жазган.  Коомдук ишмер жана... Читать дальше...

Тоңдурулган анализдердин чоо-жайы

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин тест-системалардын жетишсиздигинен улам тоңдурулуп турган анализдерди текшере баштады.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Блондинчик: жена бывшего Волочковой стала мамой во второй раз





Rss.plus
#123ru.net

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о комфортных автопутешествиях




В Магадане организована «горячая линия» по профилактике клещевого энцефалита

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ

Чехия объявила в розыск якобы причастного ко взрывам во Врбетице россиянина

Уехавший в Белоруссию судья указал на гарантии безопасности от Лукашенко




Ош мэриясы «Матрезервдин уну партиянын атынан таратылды» деген маалыматты четке кагууда

Azattyk.org 

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 130 тонна ун бөлүнгөн. Ун 5-6-апрель күндөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана социалдык кызматкерлердин катышуусу менен даректерине жеткирилип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди: «Мамлекет тарабынан бөлүнгөн жалпы 2600 кап ундун алгачкы партиясы - 50 тонна, тагыраак айтканда миң кап ун Ош шаарына келип түштү. Ун аймактык... Читать дальше...

Жапаров: Таласка президент Бакиев өзү жиберген

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Акылбек Жапаров 2005-жылдагы март окуясында Аскар Акаевдин бийлиги кулаганда бириккен оппозициялык күчтөрдүн атынан бийликке келген. Ал эми 2010-жылы биринчи-вице-премьердин ордун ээелеген Жапаров Курманбек Бакиев менен кошо бийликтен кеткен. Жапаров “Азаттык” менен болгон маегинде өлкө тарыхындагы эки чоң саясий өзгөрүүгө өз баасын берди.

"Таблиги жамааттын" мүчөлөрү карантинге алынды

Azattyk.org 

Борбор Азиянын үч өлкөсүндө өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын саны 1200дөн ашты. Илдетке чалдыккан британ премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, ооруканага жаткырылды. Пакистанда "Таблиги жамаат" кыймылынын диний жыйынына чогулган 20 миң адам карантинге алынды.

Пакистанда жүрүшкө чыккан медиктер кармалды

Azattyk.org 

6-апрелде Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында нааразылык жүрүшүнө чыккан ондогон медицина кызматкерлерин полиция кармап кетти. Шаардык оорукана менен медицина коллежинин кызматкерлери коронавирус пандемиясы күчөп турган шартта иштеген орундарында коргоочу кийимдер жок экенин айтканы шаардык бийликтин имаратына келе жатышкан. Күбөлөр полиция операциясы учурунда медиктер тепкиге да алынганын айтып жатышат. Нааразылык билдиргендер COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо учурунда 12 кесиптеши коронавирус жугузуп алганын ырасташууда.

Аба-ырайы: 7-апрелде жаан жаайт

Azattyk.org 

7-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.     Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: 5…10, күндүз 19…24; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...



Москва

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Часовой любви. 100 лет Булату Окуджаве




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России