Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 21.02.2021

"Биримдик - көп түрдүүлүктө" аттуу жаштардын форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 20-февралдан 25-февралга чейин 18 - 25 курактагы жаштар үчүн "Биримдик көп түрдүүлүктө" аттуу форум-лагерь өтүп жатат. Ага өлкөнүн жети аймагынан жаштар катышууда. Бул шерине "Кыргызстандагы дин таануу изилдөөлөр борбору" аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өнөктөштүгү менен уюштурулган. Бул иш-чаранын максаты өлкөдөгү дин аралык баарлашууну түзүүгө зарыл болгон жаштардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу экенин уюштуруучулар билдирди. Программанын... Читать дальше...

Аба булгануусу боюнча Бишкек жыйырманчы сапта

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality индексинин 22-февралга карата эсебинде Кыргызстандын ордо шаары Бишкек жыйырманчы сапта орун алды. Абадагы кир микрозаттардын көрсөткүчү 124 деп эсептелип, өзгөчө ден соолугу сезимтал адамдар үчүн кооптуу деп белгиленүүдө. "Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү институту" аттуу коомдук фонд Бишкектин сыртындагы айрым жаңы конуштарга да абанын сапатын текшерген жабдууларды койгон. Анын жыйынтыгы саат сайын жаңырып турат. Ага чейин... Читать дальше...

Өкмөт башчы Марипов ишкерлер менен тыгыз кызматташууга убада берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов 21-февралда өлкөдөгү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен баарлашып, алар менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты. Жолугушуунун негизги максаты - экономиканы жандандырууда демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болду. Жекшембидеги жолугушуу эркин микрофон форматында өттү. Анда ишкерлер идеяларын жана көйгөйлөрүн ортого салууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Өкмөттүк басма сөз кызматы кабарлагандай... Читать дальше...



Коронавирус: Кошумча 3500 орун даярдалат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өкмөтүнүн биринчи вице премьер-министри Артем Новиков 20-февралда коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб менен жыйын өткөрүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кылдат көзөмөлгө алуу боюнча бир нече тапшырмаларды берди. Ал дарыканаларда керектүү дары-дармектердин баасын катуу көзөмөлдөп, аймактарды зарыл болгон дарылар менен камсыздоо керектигин белгиледи. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде чукул план иштеп чыгып, бир нече күндүн ичинде дарылардын жетишсиздиги... Читать дальше...

Манас айылына жаңы бейтапкана салынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылына жаңы бейтапкана салынды. Эки кабаттуу имараттын курулушун Катардын кайрымдуулук фонду каржылады. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда кабарлады. Бейтапкананын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев катышты. "Катардын кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирем. Бул айылдагы эң негизги муктаждык болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты ооруканасы менен чогуу курулуп бүттү. Читать дальше...

Өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттери аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаңы премьер-министри Улукбек Марипов жаңы түзүлүштөгү өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктаган буйрукка кол койду. Ага ылайык өкмөт башчы өкмөттүн ишмердигин жалпы башкаруусун камсыздап, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, экономика жана финансы министрин, мамлекеттик органдардын баарын башкарат. Өкмөт башчы мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүмдү жана улуттук коопсуздукту коргойт. Ошондой эле тышкы саясат... Читать дальше...

МАГАТЭнин башчысы Ирандын Атомдук энергетика боюнча уюмунун жетекчиси менен жолукту

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси Ирандын Атомдук энергетика боюнча жарандык уюмунун башчысы Али Акбар Салехи менен Тегеранда жолукту. «Иран менен МАГАТЭ эки тараптуу сыйга негизделген жемиштүү талкууларды өткөрдү, алардын жыйынтыгы бүгүн кечинде жарыяланат»,-деп жазды "Твиттерге" Тегерандын Улуттар Уюмундагы элчиси Казем Гарибабади.   Тегеран эл аралык агенттик менен иштешүүнү токтопостугун жана анын инспекторлорун өлкөдөн чыгарбастыгын билдирди. Читать дальше...



Мьянамада аскердик бийликке каршы демонстрацияда эки киши көз жумду

Azattyk.org 

Мьянмада (Бирма) аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык акциясында кеминде эки киши каза болду, жыйырмадай адам жараат алды. Өлкөдөгү экинчи ири шаар Мандалайда болгон кандуу окуяны Кошмо Штаттар жана Евробиримдик айыптады. Полиция кызматкерлери жана аскерлер демонстранттарды аткылашкан. АКШ Мамдепартаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Вашингтон наарызылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонулганы тууралуу маалыматтарга «терең тынчсызданып» жатканын билдирди. Евробиримдиктин тышкы саясат... Читать дальше...

Орусия коронавируска каршы үчүнчү вакцинасын каттоодон өткөрдү

Azattyk.org 

Орусия өзүндө чыгарылган коронвируска каршы үчүнчү вакцинасын сыноонун бардык баскычынан өтө электе эле каттады. Премьер-министр Михаил Мишустин Орусия «үч вакцина чыгарган дүйнөдөгү жалгыз өлкө экенин» айтты. Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасынын  алгачкы 120 миң дозасы мартка чейин өндүрүлөрү күтүлүп жатат. Жыл соңуна чейин «КовиВактын» 20 миллион дозасын чыгаруу пландалууда. Чумаков атындагы борбордун... Читать дальше...

Евробиримдик Орусияга санкция киргизүү маселесин талкуулайт

Azattyk.org 

Европа мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг "Welt am Sonntag" басылмасындагы маегинде билдирди. Ал Евробиримдикке кирген 27 мамлекет санкцияларды колдоп берет деген үмүттө экенин кошумчалады. Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел да санкция... Читать дальше...

Кара-Кулжада жол кырсыгынан үч киши каза болду

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылында 20-февраль күнү жол кырсыгынан үч киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Биринчи май айылында "Вольво" үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу унааны башкара албай жарга кулаган. Кырсыкта 50 жаштагы адам, 46 жаштагы аял жана бир жашаар наристе көз жумду. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Читать дальше...

Аймен Касенов: Жаңы шаар кургубуз келет

Azattyk.org 

Президенттик шайлоого катышкан үч талапкер жетектеген үч партия күчүн бириктирип, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанды. Алар: Клара Сооронкулова лидерлик кылган «Реформа», Элдар Абакиров теңтөрагалык кылган «Адилеттүү Кыргызстан» жана Аймен Касенов жетектеген «Асман-Ала Тоо» партиялары. Мындай биригүүнүн максаты, деги эле шаардык кеңешке шайлоонун мааниси тууралуу бүгүн үч лидердин бири Аймен Касенов маек берди.

"Калашников" мурунку союздук өлкөлөргө курал сатууну көбөйтөт

Azattyk.org 

"Калашников" концерни мурдагы союздун өлкөлөрүнө жаңы автоматтарды сатат. Концерндин жетекчиси Дмитрий Тарасов бул өлкөлөр жаңыртылган автоматтарды сатып алууга кызыкдар экенин айтты. Ал Бириккен Араб Эмираттарында өткөн курал-жарак көргөзмөсүндө журналисттерге: "Аларда союздан калган курал-жарактар бар. Бирок алардын баары эскирди. Ошондуктан, ал өлкөлөрдүн армиясын жаңы куралдар менен жабдуу зарылчылыгы бар", деп билдирди. Тарасовдун сөзүнө караганда учурда АК-12 үлгүсүндөгү автомат сатып алууга кызыкдарлыгын Армения... Читать дальше...

Диверсия Шарабидина Капарова в отношении обороноспособности Кыргызстана

PR Kyrgyz 

КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ                           

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

1. Ош Түштүк Аэропортун 2010 жылга чейин “Valor Air” авиакомпаниясы директору Борисюк Василий Парфёнович иштетип жүргөн... Читать дальше...

ИИМ кылмыштуу топторду бийликке жолотпоо тууралуу мыйзам долбооруна негиздеме берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги жалпы үч: «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюп, документ өкмөттүн сайтына жарыяланган. ИИМ кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы механизмдери каралган документти негиздеп, буга учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун... Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет эскертет: 26-февралга чейин көпчүлүк аймактарда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарга кар, жаан мол жаайт. Ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл, айдоочулар кыймылдын ылдамдыгын мүмкүн болушунча чектөөгө тийиш. 22-февралда көпчүлүк аймактарда күн жаайт. Абанын температурасы: Талас облусунда: түнкүсүн 0...-5, күндүз 0…+5; Чүй өрөөнүндө... Читать дальше...

АКШ фашисттик концлагердин күзөтчүсүн Германияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

95 жаштагы Фридрих Карл Бергер Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик концлагерде күзөтчү болуп иштеген. АКШнын Юстиция министрлиги кабарлагандай, мурдагы күзөтчү Америкада 60 жылдан ашуун жашаган. Юстиция министринин милдетин аткаруучу Монти Уилкинсон: "Бергердин депортацияланышы - АКШ адамзатка каршы кылмыш кылгандарды калкалоочу жай эместигинин далили", деп билдирди. Бергерди депортациялоо чечимин ал жашаган Теннеси штатынын соту былтыр чыгарган. Соттук териштирүү Германиянын түндүгүндөгү Целле... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

«Поющий поэт». Исполнилось 100 лет со дня рождения Булата Окуджавы





Rss.plus
Вызов

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»




Соревнование «Кубок Победы» провели в Химках

Автомотопробег по местам боевой славы прошел в Дмитрове

Чебоксарец получил штраф в полсотни тысяч рублей за свалку на своем участке

Главархив Москвы представил выставку «История семьи — история страны»




“Фейсбук” Австралиянын бийлигин нес кылды

Azattyk.org 

“Фейсбук” социалдык тармагы 18-февралдан тартып австралиялыктардын жаңылыктарды окуу, жайгаштыруу жана аны бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн чектеди. Интернет гигант мындай чечимди аталган өлкөнүн бийлигинин “Фейсбуктун” жаңылыктардан тапкан пайдасына салык салуу ниетинен улам кабыл алды. Соңку жагдай коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратты. “Фейсбуктун” мындай чечиминен улам эми бул соцтармактын Австралиядагы колдонуучуларына жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабар-маалыматын бөлүшүп, аны жарыялоого чектөө салынды. Читать дальше...

Украина Орусиянын “Спорт мастер” ишканасын “кара тизмеге” киргизди

Azattyk.org 

Украин бийлиги Орусиянын бир катар ишканаларын жана алардын жетекчилерин “кара тизмеге” киргизди. Андагы ишкананын ичинде спорттук товарлардын “Спорт мастер” тармагы жана анын ээси да бар. Санкция аталган ишканалардын товарларын өлкө аймагында сатууга жана транзит аркылуу алып өтүүгө тыюу салат. “Кара тизмеге” ошондой эле орусиялык "БИОТЭК" фармацевтикалык холдинги, Севастополдогу мамлекеттик университет, мунай иштетүүчү завод жана башка ишканалар кирди. Булардын көпчүлүгү украиналык саясатчы Виктор... Читать дальше...

Бишкекте коррупцияга каршы тынч жүрүш болду

Azattyk.org 

“Баштан башта” кыймылы жана башка бир катар жарандык активисттердин ар жекшемби сайын өтүп келе жаткан тынч жүрүшү бүгүн, 21-февралда да уланды. Анда активисттер коррупцияга каршы, мыйзамдуулукка жана чек ара бүтүндүгүн сактоого чакырган ураандар менен чыгышты. Жүрүш темир жол бекетинин алдында башталып, борбордук аянтка чейин уланды. “Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жүрүштү жарандык коом уюштурууда. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык... Читать дальше...

Калктын дээрлик жарымы эмделген Израилде турмуш жанданат

Azattyk.org 

Израил 21-февралдан тартып өз экономикасынын бир катар тармагын жандантты. Өкмөттүн айтымында, кадыресе режимге кайтып келүү “COVID-19” илдетине каршы эмдөө жүрүмүнүн өлкөдөгү калктын дээрлик жарымын камтыганга жетишүүсүнүн аркасында ишке ашты. 21-февралдан тартып Израилдеги дүкөндөр бардык тургундарга ачылды. Бирок спорт залдар, мейманканалар жана театрлар сыяктуу эс алуу жайларына вакцинанын эки дозасы менен бир жумадан ашуун убакыт мурда эмделгендер же коронавирустан айыгып, иммунитети пайда болду делген кишилер гана кире алышат. Читать дальше...



Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Композитор

Композитор из рода Аксаковых. Часть 2




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России