Чүйдүн Байгелди айылындагы тоо боорундагы чөп өрттөндү
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-сентябрдын түнүндө маалымдады. Өрттү өчүрүүгө түнкү саат 11ден өткөндө жети куткаруучудан турган атайын топ чыккан. Байтик айыл аймагынын Байгелди жана Арчалы айылындагы тоо боорунда болжол менен 100 гектардай жер күйдү. Окуя болгон жерге дагы кошумча күч тартылары кабарланууда. Министрлик тоо этегинде чыккан өрттү жакадагы үйлөргө жеткирбөө аракети болуп жатканын билдирди. Читать дальше...