Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 25.02.2023

Жапаров чек арада курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты менен таанышты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын курулушу, сапаты менен таанышты. Өкмөттүн расмий сайты маалымдагандай, ал Баткен районундагы Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды. “Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот”, - деген... Читать дальше...

26-февралдын аба ырайы

Azattyk.org 

26-февралда түнкүсүн Кыргызстандын баардык аймактарында кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18... Читать дальше...

Кечирилгисти кечирсе эмне болот?

Azattyk.org 

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Буга чейин ушул темада жазган бир макаламдын аягында абхаз жазуучусу Фазиль Искандердин “Софичка” повестине шилтеме жасадым эле. Кызыгып окугандар (интернетте да бар) ал чыгарманын баш каарманы Софичка аттуу кыз бир тууган... Читать дальше...



“Айтышта эркектерди сындап, басымга кабылгам”

Azattyk.org 

Айтыш өнөрү барган сайын жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган акын  кыздарыбыз бар. "Эже-сиңдилерде" бул жолу акын кыздар менен айтыш өнөрү тууралуу сөз кылабыз.

Жол эрежесин бир жылда үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырат

Azattyk.org 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.  Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ("Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу") ылайык, жол эрежесинин төмөнкү түрлөрүн бир жылда үч жолу бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырышат. Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчысы чек ара маселелерин чагылдыруу боюнча сынактан утту

Azattyk.org 

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров "Чек ара маселелерин чыр-чатакка сезимталдык жана конструктивдүү журналистиканын негиздеринде чагылдыруу" боюнча сынакта 2-орунду алды. Жеңиш Айдаров сынакка "Баткен: тынчтыкты тилеген ишкерлер" деп аталган видеоматериалы менен катышкан. Сынакты "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду уюштурду.  Жеңиш Айдаров 12 жылдан бери чек ара маселелерин чагылдырып, “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы болуп иштеп келет.  Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулттук

Azattyk.org 

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, Кумтөр алтын кени, Улуттук банкта сакталган алтын, кендин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу суроолорго жооп берди.   Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кени мамлекеттин карамагына өткөндөн бери алтын менен күмүштү казуу көбөйгөнүн белгилеген.  "Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым",-деди Акылбек Жапаров. Читать дальше...

Чүйдө күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-февралда саат 11:51де Чүй облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалымдашынча, силкинүүнүн күчү 3 баллды түздү. 3 баллдык силкинүү Сокулук районунун Киров, Асылбаш, Шалта, Москва районунун Садовое жана Беловодск айылдарында болгон. Ал эми Шопоков шаарчасы менен Москва районунун Петровка айылында эки балл болгону кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жапа чеккендер жок. 23-февраль күнү очогу Тажикстанда болгон жер титирөө катталган. Очогунда... Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: Айтбаевди бошотуу талабы менен митинг өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин бошотулушун талап кылган митинг өттү.  Митингге чыккандар "Жерибиз үчүн бекем туруу кылмыш эмес", "Акыл, биз сени мененбиз!" деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Алар президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Акыл Айтбаевди боштондукка чыгарууну суранышты. Читать дальше...

Табыкеңдин "суусамырлык дарбызы", Доке менен "дебат"

Azattyk.org 

Таабалды Эгембердиевдин бул жашоодогу жалгыз арманы - бизнеске биротоло баш байлагандан кийин жазганды такыр таштап койгону, эчен жыл ичте багып келаткан “баары бир жазуучулукка кайтам” деген ой-тилегинин ишке ашпай калганы болду окшойт. Андан жакшы жазуучу чыгарын айткандар, атүгүл мезгилдүү басмага чыккан макала, маектерин чогултуп китеп кылып чыгарып берүүнү сунуш кылгандар болду. Бирок ал китеп чыгарууга ашыкпады, эңсеген тилегин ишке ашырууга убакты-сааты жетерине ишенип жүрдү, ал эми убакыт дегениң аны күтүп отурбайт экен... Читать дальше...

УКМК: Адам уурдоого шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети(УКМК) адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шек саналган үч адам (К.Н.Б., С.Ч.Ш. М.А.М.) кармалганын билдирди. Маалыматта кармалгандар 19-февралда Бишкекте "А. Т. аттуу адамды алдап жолугушууга чакырып, белгисиз жакка алып барып, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкени" айтылат. "Аны эс-учун жоготкон абалда Бишкектеги батирлердин биринде үч күн кармашып, күч колдонуп коркутуу менен 3000 доллар талап кылышкан",-деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медал тагынды

Azattyk.org 

Египеттин (Мысырдын) Александрия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашып, алгач франциялык Амелине Доуарени 7:0, кийин АКШ өкүлү Кайла Колиин Мираклды 10:0, жарым финалда украианылык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Алтын байге үчүн беттеште кытайлык Ло Сяоцзюаньды (Xiaojuan LUO) 3:2 эсебинде жеңип алды. Бул мелдеште Кыргызстандан барган балбан кыздар... Читать дальше...

Түркия менен Сириядагы зилзаладан каза болгондордун саны 50 миңден ашты

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 50 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигине (AFAD) таянып жазды. Соңку маалыматка ылайык, 6-февралдагы жер титирөөдөн каза тапкандар Түркияда 44 218 адам, Сирияда 5914 адамга жетти. Түркияда талкаланган 160 миң имаратты калыбына келтирүү иштери башталды. Бул имараттарда 520 миң батир болгон. Расмий маалыматтарга ылайык, башкалкасыз калгандарга 313 миң чатыр тигилген. Читать дальше...

Кыргызстанда аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун 24-февралдагы жарлыгы менен милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу башталды. Аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү 2023-жылдын март, апрель, май айларында жүрөт. Жашы 18ге толгон, аскерге жарамдуу эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат. Президент өзүнүн жарлыгында ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрдө милдеттүү жана альтернативдүү... Читать дальше...

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстан жана Өзбекстанга барат

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдан 3-мартка чейинки сапары учурунда Казакстан, Өзбекстан жана Индияга барат. Бул тууралуу департаменттин маалымат кызматы кабарлады. Блинкен 28-февралда Астанага келет. Ал казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган бир катар жетекчилер менен жолугат. Ошол эле күнү Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Анда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы. Читать дальше...

Жалал-Абад: аялдардын тилектештик курултайы

Azattyk.org 

Жалал-Абадда аялдардын тилектештик курултайы өттү. Анда аялдарга карата зордук-зомбулук, алардын саясий чөйрөдөгү орду, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ар тармактан чогулган лидер айымдардын иш чарасына кабарчыбыз Талгат Абжалил катышты.



Москва

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин рассказал, как офсетные контракты развивают фармотрасль Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

PR time

Грандиозный проект «АртПушкин» стартует в Санкт-Петербурге




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве в 12-й раз пройдет фитнес-фестиваль «ФитЭкспо 2024»

Боевые приобретения. Настоящий праздник мужественности прошел в Москве

Турнир по пляжному волейболу «ЮМР ОПЕН» прошел в Краснодаре


Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Интернет

83% студентов Института iSpring получили гранты на обучение



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России